• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгууга канча убакыт талап кылынары айтылды

Ден соолук 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны иштеп чыгууга жана аны сыноого бир жылдан кем эмес убакыт кетет. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан (ДССУ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, потенциалдуу вакцина менен миллиарддаган адам эмделет, ошондуктан өзгөчө сактык камсыздалат. Анткени ал толугу менен коопсуз жана эч кимге зыян алып келбөөгө тийиш.

“Дүйнөдө азыр коронавируска каршы 20дан ашык вакцина иштелип жатат. Анын ичинде америка вакцинасы сыноолордон өткөрүлүүдө. Жакынкы аралыкта адистер нуклеин кислотасынын негизинде жасалган бир нече препараттарды да сыноодон өткөрө башташат”, - деп билдирди ДССУ программасынын өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Майкл Райан.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 14 кишиге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгондордун саны – 2 миң 628 адам.

Пикир

Оставить комментарий