• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Коронавирус менен күрөшүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 209,8 млн сом бөлүнгөн

COVID - 19 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Коронавирус менен күрөшүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын эсептен 209 млн 879,7 миң бөлүнгөн. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдирди.

Анын айтымында, ал каражаттын ичинен 20 млн 323,8 миң сому сарптала элек.

"Калган каражаттар кайсы жактарга сарпталды? Тамак-аш менен камсыз кылууга - 38 млн 242,1 миң сом, дары-дармектерге, анын ичинде антисептик, беткап, колкаптарды алууга ж.б. - 8 млн 736 миң сом, күйүүчү майга - 13 млн 682 миң сом, товардык-материалдык баалуулуктарга - 39 млн сомго жакын, жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга - 4 млн 415 миң сом, негизги каражаттарга - 2 млн 378 миң сом, мурдагы Ганси аскерий базасын "Семетей" обсервациясына айландыруу үчүн - 46,2 млн сом, гуманитардык жардам көрсөтүүгө - 15 млн 770 миң сом, "Семетей" обсервациясында кычкылтек берүү системасына орнотууга - 6,3 млн сом жумшалды", - деди ал.

Ошондой эле дезинфекциялоо иштерин аткаргандыктан өрт өчүрүүчү унааларынын насостору жарактан чыгып жаткандыктан ага 14,8 млн сом каралып, азыр ал министрликтин эсебинде турат.

Пикир

Оставить комментарий