• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирустан айыгып чыккандар үчүн реабилитациялоо программасы иштелип чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Коронавирустан айыгып чыккандар үчүн реабилитациялоо программасы иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.

Ал билдиргендей, көп адамдарда коронавирустан айыгып чыккандан кийин 2-3 айга чейин оорунун белгилери сакталып жатат.

"Андай учурлардын саны Кыргызстанда да, дүйнөдө да көп. Ошодуктан коронавирустан айыгып чыккандан кийин реабилитация керек. Мындан улам коронавирусту дарылоо боюнча төртүнчү протоколго да реабилитация боюнча өзүнчө бөлүм киргизилди. Ал реабилитация программасын ар бир адам үй шартында колдоно алат. Азыр ал боюнча окутуулар жүргүзүлүп жатат. Реабилитациядан өтүү үчүн сөзсүз эле ооруканага жатуунун кереги жок. Учурда медициналык кызматкерлерден турган топ түзүлдү. Реабилитация боюнча кеңеш алуу үчүн телефон номерлери социалдык тармактарга чыгарылып, жарандар ал номерлерге чалып кеңеш ала алат", - деди ал.

Анын айтымында, эл арасында өпкө сезгенгенден кийин фиброз пайда болот деген сөздөр айтылып, керексиз дарыларды ичкендер болууда.

"Ал туура эмес. Өпкөсү сезгенген адамдардын көбүндө өпкөсү өз калыбына келет. Реабилитациядан гана өтүү керек. Фиброз болот деген чочулоо болбош керек. Ал аз эле адамдарда, коронавирустун оор түрү менен ооруган адамдарда болушу мүмкүн. Бул жаңы оору болгондон кийин ал деле далили жок маалымат. Бирок дарыгерлер менен акылдашып иш алып барыш керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий