• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирустан айыгып, үйүнө чыгарылган бейтаптар өзүн кандай алып жүрүшү керек? Үсөнбаевдин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Коронавирустан айыгып чыккандарга карантин каралбайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 78 адам илдеттен айыкты. "Сакайып чыккандан кийин лабораториялык тест алынат. Анализдин жыйынтыгы таза чыкса, анда ал жаран жалпы режимдегидей өзүн алып жүрсө болот. Карантин уланбайт, бирок ден соолугуна байланыштуу мүчүлүштүктөр болсо, жергиликтүү медициналык мекемелерге кайрылышы керек. Ал жерде кошума изилдөө жүргүзүлүшү мүмкүн", - дейт ал.

15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 449га жетти. Алардын ичинен 98и медицина кызматкерлери. Коронавирустан 78 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий