• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирустан айыккан адамда иммунитет пайда болот — пульмонолог Сооронбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 08.08.20. /Кабар/. Коронавирустан айыккан адамда иммунитет пайда болот. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев билдирди.

Анын айтымында, оорудан айыгып чыккан адам вирусту экинчи жолу кайра жугузуп алуу учурлары катталган эмес.

“Дүйнөдөгү алдыңкы эксперттердин маалыматтарына ылайык, иммунитет көпкө чейин сакталышы мүмкүн. Коронавирус инфекциясынан айыккан адамдар кайрадан ооруп калуудан коркпошу керек”, - дейт Сооронбаев.

“Ошондой эле бейтап дарыланып чыккандан эки жумадан кийин, башка адамга вирус жуктуруу коркунучу жок. Демек, илдеттен айыккандан соң, эки жумадан кийин адам мурунку жашоосуна кайтып келе алат”, - деп баса белгиледи ал.

Сооронбаев кошумчалагандай, айыккан бейтаптарда оорунун бир же андан көп белгилер эки айга чейин сакталышы мүмкүн. Мисалы, алсыздыгы, көкүрөк оорусу, баш оорусу жана башкалар. Бул симптомдор кайра вирус пайда болду дегендик эмес. Аны кайрадан дарылоого зарылчылык жок. Себеби, организмдин калыбына келүүсү узакка созулат. Ал эми үйгө чыгарылгандан кийин дагы белгилери пайда болуп, адамдын ден соолугу начарласа, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу керек. Анткени, бул башка оорунун белгилерин билдириши мүмкүн. Эгерде башка органдардын ооруларынын белгилери болсо: өпкө оорулар, жүрөк-кан-тамыр ж.б. Бул учурда, үй-бүлөлүк дарыгерге, андан кийин түздөн-түз ооруну дарылаган профилдик адистерге кайрылуу керек.

Ошондой эле өпкөдөгү тактар бир топ убакытка сакталат, андыктан бир айдан кийин компьютердик томография же рентген сүрөттөрүндө белгилери кала берет.

Пикир

Оставить комментарий