• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирустан айыккан Роналду алгачкы оюнунда 2 гол жаратты

Спорт 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Футбол боюнча Италиянын чемпионатында "Ювентус" менен "Специя" командалары оюн өткөрдү. Оюн 4:1 эсебинде "Ювентустун" жеңиши менен аяктады. Беттештин 56-мүнөтүндө оюн талаасына Криштиану Роналду чыгып, 59 жана 76-мүнөттөрүндө 2 гол жаратканга жетишти.

Ошондой эле беттеште "Ювентустун" оюнчулары Альваро Мората, Адриан Рабьо атаандашынын дарбазасына гол киргизди. "Специя" командасынан Томмазо Побега жалгыз голду киргизди.

Эскерте кетсек, буга чейин Роналдунун анализинде коронавирус аныкталып, бир катар оюндардан четтетилген.

Пикир

Оставить комментарий