• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коронавирустан айыккандан кийин организмди калыбына келтирүү үчүн эмне кылуу керек? Дарыгерлердин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Бишкек шаардык медицина кызматкерлери коронавирус оорусунан кийин организмди калыбына келтирүү үчүн айрым эрежелерди сактоону сунуштайт.

Бардык керектүү компоненттер белоктор, углеводдор, майлар жана витаминдер камтыган азыктар менен тамактануу керек.

Дарыгерлер мүмкүн болушунча көп кыймылдоо, сергек жашоо образынын эрежелерин сактоо керектигин, ошондой эле жумушта, үйдө машыгуу зарылдыгын, көбүрөөк басуу керектигин белгилешет.

Жеке гигиенаны сактоону улантып, беткап кийип, аны дайыма алмаштырып турууну унутпоо керек. Колду тез-тез жууп, эгерде колду самын менен жууганга мүмкүнчүлүк болбосо, антисептик менен тазалоо зарыл.

Оорудан кийин организмди калыбына келтирүү боюнча кеңештерге алкоголдук ичимдиктерди, тамеки заттарын кошпоо жана дары-дармектерди ашыкча колдонуудан баш тартуу кирет. Ошондой эле дем алууга катышкан булчуңдарды чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий