• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Коронавирустан айыккандар кеминде 12 ай дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек

COVID - 19 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. COVID-19 менен ооруган бейтаптар дарылоо курсу бүткөндөн кийин кеминде 12 ай үй-бүлөлүк дарыгердин көзөмөлүндө болууга тийиш. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкаркы инфекционист дарыгери Айнура Кутманова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, постковиддик синдрому үчүн атайын дарылоо азырынча иштелип чыга элек. Учурда коронавирустан кийинки реабилитациялык дарылоо тактикасы адамдагы бузулууларды жоюу чараларын камтыйт.

“Оорулуулардын 70-80%ы COVID-19дан кийин узак убакыт оорушат. Постковиддик синдрому курч инфекциядан кийин бир нече ай бою сакталышы мүмкүн жана бейтаптардын дээрлик жарымы жашоо сапатынын төмөндөшүн белгилешет. Бейтаптар кээ бир когнитивдик функцияларды бузган, анын ичинде узак мөөнөттүү нейропсихологиялык симптомдорго ээ болушу мүмкүн”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий