• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирустан дарыланып жаткан 24 бейтаптын абалы оор

COVID - 19 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 13-апрелге карата COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, илдеттен айыккандар жана каза болгондор дагы катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 69 бейтап, амбулатордук түрдө 16 адам дарыланууда. 69 бейтаптын ичинен 41инин абалы орто оор, 24ү оор жана төртөө өтө оор абалда деп бааланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 970 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 303 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий