• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирустан көз жумган медиктерге эстелик орнотулат. Макет сунушталды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. ыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө курман болгон медициналык кызматкерлердин элесин түбөлүккө калтыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Жылдыз Бакашова белгилегендей, кооптуу инфекция мнен күрөшүүдө өмүрүн берген медициналык кызматкерлердин элесин түбөлүккө калтыруу асыл кесиптин өзгөчө маанилүүлүгүн гана билдирбестен, алардын өмүрү үчүн мамлекеттик органдардын жогорку жоопкерчилигин билдирет.

«Өлкө үчүн оңой эмес учурда биздин дарыгерлер кесипке берилгендигин билдирип, өз өмүрүн тобокелдикке салуу менен адамдарга жардам колун сунуп, баатырдыгын көрсөттү. Биз алардын эрдигин эсибизде сактайбыз, бирок келечек муун эпидемиологиялык абал кандай баа менен турукташтырылгандыгын билүүсү үчүн алардын элесин түбөлүккө калтыруубуз керек», - деди ал.

Андан соң эстеликти орнотуунун демилгечиси, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор Рахатбек Оморов тарабынан скульптуранын макети сунушталды, анда коронавирус инфекциясы менен күрөшүп жаткан дарыгерлердин образы чагылдырылган.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык мэриясына эстелик орнотулуучу орунду аныктоосу, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Конституциясын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимин киргизүүсү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий