• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирустан каза болду деп жерге беришкен. Ысык-Көлдө жээни менен уруша кеткен киши каза болду

Аймак 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Социалдык тармактарда адамдын өлүмүнө алып келген кылмыштын бетин ачууга Ысык-Көлдүн милициясы чара көрбөй жаткандыгы боюнча маалымат таркалууда.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган маалымат чындыкка дал келбейт.

"Ысык-Көл райондук прокуратурасына Темировка айылынын 51 жаштагы тургуну (аял) кайрылып, 20нан 21-январга караган түнү анын 30 жаштагы уулу Д.М., менен 61 жаштагы бир тууганы Ж.А.,нын ортосунда уруш чыгып кеткендигин, эртеси күнү агасынын сөөгү алардын үйүндө табылганын билдирген. Ошондой эле бул факты боюнча райондун укук коргоо органдарына жана башка мамлекеттик органдарына билдирбестен, элдерге агасы коронавирустан каза болгонун билдиришип, жерге беришкенин кошумчалаган", - деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан 1-февралда арыздын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун ("Ден соолукка оор залал келтирүү, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Райондук сотттун токтомунун негизинде 2-февралда эксгумация жүргүзүлүп, комиссиялык соттук-медициналык экспертизасы дайындалган.

Ошол эле күнү Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Д.М., Бишкек шаарына чыгуу менен кармашып, райондук прокуратуранын тергөөсүнө өткөрүп беришкен.

Учурда кылмыш иши Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан тергелип жатат.

Пикир

Оставить комментарий