• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирустан каза болгон 30 медиктин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон төлөнүп берилди

COVID - 19 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн онлайн брифингдин жүрүшүндө коронавирус тууралуу акыркы статистикалык маалыматтар менен тааныштырып жатып, медицина кызматкерлерине төлөнгөн компенсациялык төлөмдөр тууралуу да айтып берди.

Акматованын билдирүүсүнө караганда, 2020-жылдын 8-декабрына карата 608 медицина кызматкери 200 миң сомдон компенсациялык төлөмдөрдү алышты. Ал эми каза болгон 30 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө ар бирине 1 млн сомдон төлөнүп берилди.

"Учурда дагы 148 саламаттыкты сактоо кызматкерине жана каза болгон 2 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө үчүн документтер даярдалууда", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 3 миң 986 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 695 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий