• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирустан каза болгон медиктин үй-бүлөсүнө 1 млн сом өлчөмүндө кенемте төлөнөт

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Коронавирустан каза болган медиктин үй-бүлөсүнө 1 млн сом өлчөмүндө кенемте төлөнөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, медиктин үй-бүлөсүнө 1 млн сом өлчөмүндө кенемте төлөө боюнча өкмөттүн буйругу даярдалып жатат.

Эскерте кетсек, 2-майда Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумган. Алардын бири – медицина кызматкери, ал №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси 1962-жылы туулган К.Д.А., экинчи бейтап 1951-жылкы Жалал-Абад облусунун тургуну.

"Жалал-Абад облусунун жараны Россияга барып, 28-апрелде Кыргызстанга учуп келип, обсервацияга алынган. Алынган анализдеринде коронавирус аныкталган. Бейтап Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына которулган. Ал жерде дарылануусун өтүп жаткан. Ал эми медкызматкер болсо №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкери менен байланышта болгондуктан ага да жуккан. Ал дагы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткырылган", - дейт Акматова.

Ал кошумчалагандай, эки бейтап тең кошумча оорулар менен ооруган. "Эки бейтапта теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган. Аларда дагы кошумча оорулары да бар болгон: жүрөк жетишсиздиги, кант диабети", - деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 795ге жетти. Алардын ичинен 207си медицина кызматкери. Илдеттен 564 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий