• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирустан кийин кантип калыбына келүү керек - адис дем алуу көнүгүүлөрүн сунуштайт

Ден соолук 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Адамдын дем алуу органдарынын оорулары, анын ичинде пневмониянын тийгизген кесепеттеринен арылуунун бир жолу – дарылоочу дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруу болуп саналат. Бул тууралуу Медициналык-консультативдик кызмат жана спорттук медицина борборунун жогорку даражалуу инструктору Светлана Курбанова билдирди.

Анын айтымында, оорудан кийин туура дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо – ден соолукту чыңдоого жардам берет.

“Туура дем алуу көнүгүүлөрүнүн негизги максаты – дем алуу органдарынын булчуңдарын бекемдөө, өпкөнүн туура иштешин жөнгө салуу жана адамдын иммунитетин көтөрүү болуп эсептелет. Дем алуу көнүгүүлөрү, адамдын демигүүсүн токтотуп, өпкөдөгү туруп калган какырыкты чыгарып, жеңил дем алуусуна жардам берет”, - дейт Светлана Курбанова.

Адистин айтымында, көнүгүүлөрдү:
- желдетилген бөлмөдө,
- кенен кийимде,
- тамактангандан 2 сааттан кийин,
- жай жана орто кыймылда күнүнө 3 жолу 10 мүнөттөн аткарган оң.

Светлана Курбанова кошумчалагандай, көнүгүүлөрдөн кийин таза абага сейилдөөгө чыкса болот. Оорудан сакайган адам, алдыга эки кадам таштаганда демди ичине тартып, кийинки төрт кадам аттаган убакта, ичтеги демди чыгарганы туура.

Пикир

Оставить комментарий