• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирустан улам Кыргызстандын экономикасы 450 млн доллар зыян тартат – Абылгазиев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Коронавирустан улам Кыргызстандын экономикасы 450 млн доллар зыян тартат. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште коронавирус боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Ал белгилегендей, түшө турган бажы, салык төлөмдөрүнөн, ишканалардын ишинин токтошуна байланыштуу чыгым 450 млн долларды түзөт.

"ИДПнын өсүшү 2%дан ылдый болот деп божомолдонуп жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий