• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коронавирустан улам Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө тыюу салынат

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Кыргызстан чет өлкө жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүн республикалык штабдын отуруму өтүп, анда чет өлкө жарандарына өлкөгө кирүүгө тыюу салуу чечими кабыл алынган. Ал, бул штабдын чечими экенин жана ал тиешелүү документ кабыл алынгандан кийин иштеп баштай тургандыгын айтып өттү.

Чет өлкө жарандарына чектөөнүн так убактысы белгилене элек, бирок ал болжол менен 1 айга созулат.

Анын айтымында, бул чектөө Кыргызстандын жарандарына жана жүк ташууларга тиешеси жок. Бирок, чет жерден келген КР жарандары обсервацияга же үй карантинине алынат.

Пикир

Оставить комментарий