• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирустан улам өлкө бюджетинин кирешеси 30 млрд сомго азайып, чыгашасы артат – каржы министри

Экономика 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Коронавирустан улам өлкө бюджетинин кирешеси 30 млрд сомго азайып, чыгашасы артат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева билдирди.

Анын айтымында, коронавирустан улам дээрлик бардык бизнестин иши токтоп калгандыгына байланыштуу республикалык бюджеттин кирешеси азаят.

"Бүгүнкү күнү бардык өлкөбүздө дээрлик бардык бизнес өз ишин убактылуу токтотту. Бул республикалык бюджетти аткарууга олуттуу таасирин тийгизүүдө. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө төмөндөө процесси жүрүп жатат. Жылдын жыйынтыгында төмөндөөнүн көлөмү 30 млрд сомдон ашык болушу мүмкүн. Ошол эле учурда коронавируска каршы күрөө иш-чараларына байланышкан кошумча чыгымдардын эсебинен республикалык бюджеттин чыгашалары көбөйүшү мүмкүн. Мындан улам Каржы министрлиги кырдаалды жакшыртуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүдө. Биринчиден министрлик бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында бардык бюджеттик мекемелерди чыгымдарын кайра карап чыгууга чакырат", -деди ал.

Учурдагы кырдаалдан улам ал каржылоо алуу үчүн эл аралык институттарга кайрылууга туура келип жатканын айтып өттү.

"Экинчиден, бизге гранттарды жана эң төмөнкү пайыздык чен менен мүмкүн болушунча узак мөөнөттөргө насыяларды тартып келүү максатында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө, эл аралык финансылык институттарга, донор өлкөлөргө кайрылууга туура келди. Алардын насыялары биз үчүн алгылыктуу болуп саналат. Мисалы, Эл аралык валюта фондунун ресурстары боюнча карызды тындыруу мөөнөтү – 10 жыл, Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунуку – 20 жыл, Азия өнүктүрүү банкыныкы – 32 жыл, ал эми Дүйнөлүк банктыкы – 38 жыл. Жогоруда белгилеп өткөндөй, ресурстардын пайыздык чендери да республикабыз үчүн алгылыктуу. Мисалы, Эл аралык валюта фондунун ресурстары 0,7 пайыздык чен менен берилсе, Дүйнөлүк банктыкы – 0,75 пайыздык чен менен, Азия өнүктүрүү банкыныкы – 1 пайызга чейинки чен менен берилет. Ошол эле убакта берилген кредиттердин шарттарында ар кандай жеңилдетилген мөөнөттөр бар. Кыргыз Республикасынын өкмөтү тек гана жеңилдетилген кредиттерди тартып келбестен, аларды гранттары менен кошо да тартып келүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий