• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Коронавирустан улам «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи эки айга жылдырылды

Дүйнө 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. 2021-жылы 28-февралда өтүшү керек болгон «Оскар» киносыйлыгын тапшыруу аземи эки айга, 25-апрелге жылдырылды.

Уюштуруучулар мындай чечимин эпидемиядан улам айрым тасмаларды тартуу иши токтоп калганын, алар жыл соңуна чейин экранга чыкпай калышы мүмкүндүгү менен түшүндүрүштү. Буга байланыштуу тасмаларды көрсөтүү жана билдирме берүү мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрынан 2021-жылдын февралынын аягына жылдырылды.

Номинациялар эмдиги жылы 15-мартта жарыяланат. Азырынча сыйлыкты тапшыруу аземин онлайн же офлайн өткөрүү боюнча чечим кабыл алына элек.

Буга чейин «Оскар» негизделгенден бери сыйлыкты тапшыруу аземи үч жолу жылдырылган. Алгачкы жолу 1938-жылы Лос-Анжелести суу каптаганда, экинчи жолу 1968-жылы укук коргоочу Мартин Лютер Кингдин өлүмүнө, үчүнчү жолу президент Рональд Рейганга кол салууга байланыштуу башка күнгө жылдырылган

Пикир

Оставить комментарий