• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирустан улам жаран жумуштан чыгарылса же маянасыз өргүүгө кетсе, насыянын мөөнөттөрү кайра каралат – Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Коронавирустан улам жаран жумуштан чыгарылса же айлык төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө кетирилсе, анын насыясынын төлөө графигин кайра кароого көмөк көрсөтүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, эгер жаранды жумуштан чыгарышса же эмгек өргүүсүнө кетирсе, тиешелүү документ көрсөтүлгөн учурда насыяны төлөө мөөнөттөрү кайра каралат. Ошондой эле туум эсептелбей, айыппулдар салынбайт.

Пикир

Оставить комментарий