• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ымыркайлар арасында вирустук оорулардын 5 пайызын коронавирус түзөт – дарыгер

COVID - 19 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Коронавирусту 35 жаштан жогоркулар көбүрөөк жуктурушат. Бул тууралуу брифинг учурунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнүн неонатолог-дарыгери Айнара Доромбекова билдирди.

Анын айтымында, бирок ар бир адам ооруп калышы мүмкүн.

“Ымыркайлардын ата-энелери да сак болушу керек, себеби дүйнөлүк статистикага ылайык, жашоонун биринчи айындагы балдардагы вирустук оорулардын арасында коронавирус 5%ды түзгөн. Бул ымыркайларда ооруга тубаса иммунитет жок экендигин билдирет”, - деди дарыгер.

Ал окумуштуулар чоңдорго караганда балдар коронавирусту оңой өткөрөөрүн белгилешкенин айтат.

“Бирок дүйнөдө оор формадагы учурлар да бар экендиги аныкталууда. Мүмкүн болгон кыйынчылыктардын алдын алуу үчүн жаңы төрөлгөн ымыркайларда коронавирустун белгилерин байкап, качан адисти чакыруу керектигин билүү керек”, - деди Доромбекова.

Пикир

Оставить комментарий