• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коронавирусту алдын алуу боюнча иштеп жаткан дарыгерлерге сый акы төлөнө баштады – Саламаттык сактоо министрлиги

Ден соолук 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Коронавирустун келишин жана жайылышын алдын алуу боюнча иштеп жаткан дарыгерлерге сый акы төлөнө баштады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Ал белгилегендей, коронавирусту алдын алуу боюнча медициналык кызматкерлер күнү-түнү иштеп жатышат. Алар – штаб, обсервация, ооруканалардын кызматкерлери.

"Алардын айрымдары чыдабай, жумуштан кете баштады. Ошондуктан маянасынан тышкары аларга кошумча жумуш үчүн сый акы, маяна төлөнүп жатат. Биз аларды акысыз иштөөгө мажбурлабашыбыз керек",- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий