• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирусту дарылоонун алтынчы протоколу кабыл алынды

COVID - 19 0

Бишкек, 17.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуккандарды дарылоонун 6-протоколу кабыл алынды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, COVID-19дун жаңы штаммы чыкканда бейтаптарды дарылоо өзгөрүп турат.

“Ошону үчүн 6-протокол кабыл алынды. Медиктер жаңы протокол менен таанышып, учурда бейтаптарды ага ылайык дарылоодо”, - дейт министр.

Пикир

Оставить комментарий