Коронавирусту кайра жуктуруп алган учур катталдыбы? Министрликтин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 20.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында коронавирусту кайра жуктуруп алган учур катталбаганын билдирди.

Анын айтымында, эгер жаран коронавирустун башка түрүн жугузуп алса же башка штаммдары чыккан учурда гана кайрадан жуктуруп алды деп айтса болот.

"Дүйнөдө коронавирусту кайра жуктуруп алган аз гана учур катталып жатат. Аны дагы лабораториялык жактан тыкыр көзөмөлдөп чыгыш керек. Адам ооруп калганда кайсы штаммдардан турган вирус экени аныкталат. Башка түрү табылса, анда кайра жуктуруп алды деп айта алабыз. Ал эми биздеги учурлар кайталанып эле ооругандар. Дарыланып чыкса дагы вирус организмде антитела пайда болгонуна карабастан көпкө сакталып калууда. Начар дарыланып калган учурда да оору кайра чыгып калышы мүмкүн", - дейт ал.

Үсөнбаев штаммдарды жакшылап текшерүү үчүн Россия, Германияга жиберип жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик санитардык-эмидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Кубан Кундашев Бишкекте коронавирусту кайра жуктуруп алган алгачкы 2 учур катталганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий