• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Гонконгдо коронавирусту кайрадан жуктуруп алган алгачкы учур аныкталды

Дүйнө 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Гонконгдо коронавирусту кайрадан жуктуруп алган алгачкы учур аныкталды. Бул тууралуу Гонконг университетинин илимпоздору кабарлайт.

Маалыматка ылайык, августта 33 жаштагы эркек киши, Испанияга болгон сапарынан кайтканда, аэропорттон милдеттүү түрдө тапшыра турчу тесттен өтүп, ага кайрадан диагноз коюлган. Гонконгдун тургуну буга чейин төрт жарым ай мурда Covid-19 илдети менен ооруган. Экинчи ирет тестирлөөдөн өтүп жатканда, анда оорунун эч кандай белгилери болгон эмес.

Окумуштууларга белгилүү болгондой, Covid-19 вирусу менен ооруп бүткөн адамдарда ага иммунитет пайда болот, бирок азырынча мындай коргонуу канчалык натыйжалуу жана канчага чейин туруштук бере алары белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий