• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коронавирусту Кытайдан сырткары 23 өлкөдө 151 адам жуктуруп алды

Дүйнө 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Жаңы пайда болгон коронавирусту Кытайдан сырткары 23 өлкөдө 151 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом билдиргенин РИА Новости жазат.

"Кытайдан сырткары илдет менен ооруган 23 өлкөдө 151 учур катталды жана Филиппинде бир адам каза болду", - дейт ал.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында, 2-февралга карата дүйнөдө аталган илдетти жуктуруп алган 14 миң 557 учур катталса, алардын 14 миң 411и Кытайда болгону байкалган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда тараган коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 17 миң 205ке жетип, 361 адам көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий