• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус учак же тик учак аркылуу чачылып жатат жеген маалымат жалган

COVID - 19 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Учактын артында калган из коронавирус инфекциясын чачып, жайылтып жатканынан кабар бербейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күндүн ультракызгылт нуру вирусту тез жана эффективдүү жок кылат, бул COVID-19 тышкы чөйрөдө туруктуу эмес экенин көрсөтүп турат.

“COVID-19 абадагы тамчылар аркылуу жугат, башкача айтканда, оорулуу адам дем алганда андан чыккан тамчылар соо адамдын дем алуу системасына кирет. Мисалы жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же сүйлөшкөндө. Ошондой эле коронавирусту жуктуруп алуу үчүн жеке коргонуу каражаттары жок жабык жайларда болуу сыяктуу белгилүү бир шарттар керек. Инфекция жуккан жерди кармап андан кийин көзүңүздө, оозуңузду же мурунуңузду кармаганда жугушу мүмкүн”, - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен кошумчалагандай, асмандагы учактын изин коронавирустук инфекциянын жайылышынын көрсөткүчү эмес деп айтууга болот.

Пикир

Оставить комментарий