• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Коронавирусту жаңы жуктургандар менен 200гө жакын адам байланышта болгон - Мамбетов

COVID - 19 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Коронавирусту жаңы жуктургандар менен 200гө жакын адам байланышта болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту жуктурган жаңы 14 учур катталды. "Жаңы жуктургандар менен 194 адам байланышта болгон. Ал эми коронавирусту жуктуруп алган 14 адамдын бешөө сырттан келген, 9 адам илдетти жуктуруп алгандар менен байланышта болгон", - дейт ал.

Мамбетов маалымдагандай, бүгүнкү күнгө чейин коронавирустун бар-жогун аныктоочу тест 10 миң 157 адамга жүргүзүлгөн. Бир суткада 321 адам тест тапшырган. "Коронавируска шектелип, обсервацияга жаткырылгандардын саны 1 миң 666 адамды түзөт", - деп белгиледи Мамбетов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 144гө жетти. Алардын ичинен 6 адам айыкса, илдетти жуктуруп алган 61 жаштагы адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий