• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Коронавирусту жуктургандар менен байланышта болгондордун көбү Ош менен Жалал-Абадда – Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Коронавирусту жуктургандар менен байланышта болгондордун көбү Ош менен Жалал-Абад облустарында. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту жуктургандар менен 2 миң 628 адам байланышта болгон.

“COVID-2019 илдетин 14 адам жуктурган. Алар Баткен облусунда 1 адам, Сузак районунда 8 адам, Ноокат районунда 3 адам жана Бишкек шаарында 2 адам. Бейтаптар 25 жаштан 80 жашка чейинкилер”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий