• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирусту жуктургандар менен 6 миңден ашык адам байланышта болгон

COVID - 19 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Коронавирусту жуктуруп алгандар менен 6 миңден ашык адам байланышта болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен 6 миң 268 адам байланышта болгон.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Ал эми 6 миңдин ичинен жакын байланышта (I категория) 1058 адам, башка байланышта (II категория) 5210 жаран болгон", - дейт ал.

9-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 280ге жетти. Алардын ичинен 34 дарыгер илдетти жуктуруп алды. Ооруну жугузуп алган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий