• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен канча адам байланышта болгону белгилүү болду

COVID - 19 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавирусту жуктуруп алгандар менен канча адам байланышта болгонун билдирди.

Анын айтымында, кичи ажылыктан келген учакта 426 адам болгон. "Бүгүнкү күндө байланыш түзгөндөрдүн саны 2 миң 283гө жетти. Алардын ичинен 1 миң 857 адам жакын байланышта болгондор", - дейт министр.

Абдикаримов маалымдагандай, Кыргызстан боюнча 1 миң 900 адам обсервацияда жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 130га жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда беш адам айыккан жана илдетти жуктуруп алган 61 жаштагы бейтап каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий