• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коронавирусту жуктуруп алгандарды дарылаган дарыгерлерге канча акча каражаты төлөнөт?

COVID - 19 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Коронавирусту жуктуруп алгандарды дарылаган дарыгерлерге кошумча төлөнүүчү акынын жалпы суммасы 32 млн сомду түзөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өкмөттөн бөлүнгөн акча каражаты дарыгерлерге аванс катары төлөнгөн.

"Коронавирус пайда болгон очокто иштеген дарыгерлер март айында кошумча төлөнүүчү акчасын алышкан. Орточо эсеп менен алганда коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлерге 45 миң сом, ал эми оорунун очогунда иштеген дарыгерлерге 43 миң сом, медайымдарга 40 миң сом берилет. Бүгүн банк кызматы иштебейт экен, эртеңден баштап кошумча акча каражаты бериле баштайт. Ал эми февраль, март айынын айлыгын алышкан", - дейт ал.

Абдикаримов кошумчалагандай, коронавирусту дагы 7 дарыгер жуктуруп алды.

"Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатат. Кенемтенин суммасын комиссия аныктайт – бул бир жолку компенсация, ал эми өлүм учуру катталса, башка кенемте каралат”, - дейт министр.

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 228ге жетти. Алардын ичинен илдеттен 23 адам айыкты жана коронавирус жуктуруп алган 4 жаран каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий