• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

Өкмөт 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү 11-мартка карата республиканын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталбаганын, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирди. Корея Республикасынан келген кыргызстандыктар карантинге жаткырылды.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык тийиштүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Мамлекеттик органдар туруктуу негизде дүйнөдөгү кырдаалга мониторинг жүргүзүп, байкоо салууда.

Массалык иш-чараларды өткөрбөй туруу сунушу вирустук инфекциялардын алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында кабыл алынган, ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана саламаттыгын сактоого багытталган.

Жыйындын катышуучуларына бир катар ата мекендик компаниялар медициналык бет каптарды чыгара баштарын, алар жакынкы арада өлкөдөгү дарыканаларга берилери айтылды. Маскалар боюнча кайсы бир маселелер өндүрүүчү өлкөлөрдүн ташууга чектөө киргизгенине байланыштуу чыккан.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү өлкөнүн мечиттеринде дезинфекциялоо боюнча иштер жүргүзүлө баштаганын, ошондой эле намаз окууга келгендерге сасык тумоо жана курч респиратордук жугуштуу инфекция, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Бишкек шаардык мэриянын өкүлү соода, бизнес борборлордун, супермаркеттердин жана оюн-зоок жайларына санитайзерлерди, аба тазалоочу жабдууларды орнотуу боюнча мониторинг жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле санитардык кызматтардын адистери коомдук унааларды (маршруттук таксилер, автобустар, троллейбустар) дезинфекциялоо боюнча иштерди жүрүп жатканын кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө жана райондук администрацияларга бардык соода түйүндөрүн (рынокторду) туруктуу түрдө дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгы эскертилди.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ирандын аймагында калган кыргызстандык жүк ташуучуларга байланыштуу кырдаал чечилүүдө. Бүгүнкү күндө Азербайжан кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн транзиттик жол ачты. Унаалардын бир бөлүгү иран-азербайжан чек арасынан өттү, дагы бир бөлүгү паспорттук-бажы көзөмөл жол-жобосунан өтүүдө.

Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Билим берүү жана илим министрлигине коронавирус жана оорунун алдын алуу боюнча өздүк гигиена эрежелери жөнүндө билим берүү мекемелеринде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий