• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирустун алдын алуу иштерине мамлекет тарабынан дагы 40 млн сом бөлүнөт – Исаков

Коом 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Коронавирустун алдын алуу иштерине мамлекет тарабынан дагы 40 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин коронавирустун алдын алуу иштерине 30 млн сом бөлүнгөн.

"Бөлүнгөн акча каражатына илдетти аныктай турган тепловизор, беткап, ар кандай зыянсыздандыруучу каражаттарды алганбыз. Ошондой эле медициналык кызматкерлерди тартуудабыз. Алар күнү-түнү иш алып барууда", - дейт министрдин орун басары.

Исаков белгилегендей, аталган илдеттин жайылышынын алдын алуу максатында дагы 40 млн сом бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий