• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коронавирустун бар-жогун аныктоочу тестти жеке менчик клиникалардан өтүүгө болбойт - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Коронавирустун бар-жогун аныктоочу тестти жеке менчик клиникалардан акча төлөп өтүүгө азыр болбойт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал маалымдагандай, учурда чет жактан кайтып келгендер жана COVID-19 вирусун жуктургандар менен байланышта болгондор гана тест аркылуу текшерилип жатат. "Эгерде сиз оорулуу адам менен байланышкан болсоӊуз, ыкчам байланыш линиясына кайрылуу керек”, - дейт Акматова.

Эске сала кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44 кишиге жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди. Мындан улам Бишкекте 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө болбойт.

Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий