• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирустун белгилери байкалса ооруканага барбай, 118 кыска номерине кайрылуу керек – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Коронавирустун белгилери байкалса ооруканага барбай, 118 кыска номерине кайрылуу керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек жана Чүй облусунда 118 кыска номери туруктуу негизде иштеп жатат.

"Жарандар колл-борборга кайрылуу менен илдет тууралуу кеп-кеңештерди ала алат. Эгер кандайдыр бир шектенүү жаралса Саламаттык сактоо министрлигинин мобилдик тобу келип, жаранды ооруканага жеткирүү же дагы изилдөө жүргүзүү боюнча чечим кабыл алат", - дейт ал.

Үсөнбаев белгилегендей, жарандар үй-бүлөлүк медицина борборуна же ооруканага барбай, колл-борборго кайрылуусу ыңгайлуу.

"Эгер ал жаран илдетти жуктуруп алган болсо, ал ооруканадан башкаларга да жуктурушу мүмкүн", - деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, 17-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2562 учур катталды. Алардын ичинен 495и медицина кызматкери. Илдеттен 1901 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 30 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий