• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирустун экинчи толкуну. Кыргызстанда эл арасында сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүлөт

COVID - 19 0

Бишкек, 24.05.20. /Кабар/. Коронавирустун экинчи толкунуна даярдык катары эл арасында сасык тумоого каршы профилактикалык эмдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында Үсөнбаевге "республикалык штаб эпидемиянын экинчи толкуну күзүндө болушу мүмкүн экенин айтты. Бул багытта иштер жүрүп жатабы?" деген суроо узатылды.

"Бүгүнкү күнү коронавирус менен күрөшүүнүн кийинки баскычында аткарыла турган башкы маселелер иштелип жатат. Экинчи толкундун болбостугуна кепилдик жок. Ал элдин саламаттыгына, экономикага өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан учурда алдын ала чаралар көрүлүп жатат. Айрыкча, ден соолукка көңүл бурулуп жатат. Мындан улам белгиленген мөөнөттөрүнөн мурда профилактикалык түрдө сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүү пландалууда. Мүмкүндүк болсо пневмококк инфекциясына каршы эмдөө жасалат. Ал дагы дем алуу органдарын жабыркаткан респиратордук инфекция. Сасык тумоонун алдын алуу менен биз дем алуу органдарына кошумча күч келүү тобокелдигин азайтабыз. Ошондой эле дары-дармек, коргоочу кийимдерди камдап коюу боюнча иштер жүрүүдө. Лабораториялар боюнча иш алынып барууда. Кошумча 10 көчмө лаборатория түзүлөт. Учурда ПЧР аппараттарды алуу боюнча тендер өткөрүү иштери жүрүп жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 24-майга карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1403тү түзөт. Алардын ичинен 980 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий