• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирустун экинчи толкуну. Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды саламаттыгын чыӊдоого чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев баардык жарандарды дене тарбия менен машыгып, ден соолуктарын чыңдоого чакырды.

Анын айтуусуна караганда, көптөгөн дүйнө өлкөлөрү коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүндүгүн айтып тынчсызданууда. Ал эми көптөгөн окумуштуулар мындай болушу ыктымал деген пикирде.

“Күзүндө жана кышында сасык тумоо менен курч респиратордук вирустук инфекциялар сезону экенин баарыбыз билебиз. Буга байланыштуу ден соолугуӊарга көӊүл буруп, эч кандай өтүшүп кетүүлөр болбошу үчүн иммунитетиӊерди чыӊдагыла. Бул учурга даярданып, өзгөчө өнөкөт оорулары бар улгайган адамдарга диспансердик иштерди жүргүзүү керек. Бардык ооруларыӊызды кийинкиге калтырбай, убагында дарылаӊыздар. Күзгү-кышкы мезгилде ден соолукта болуу үчүн саламаттыгыӊыздарды бекемдегиле”, - деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги массалык түрдө жайылып кетүү тобокелчиликтерин төмөндөтүүгө аракет кылат.

Пикир

Оставить комментарий