• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирустун экинчи толкуну. “Семетей” госпиталында даярдыктар жүрүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. “Семетей” госпиталында коронавирустун мүмкүн болгон экинчи толкунуна даярдыктар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, "Семетей" госпиталында санитардык эпидемиологиялык нормаларга ылайык бейтаптарга жана медицина кызматкерлерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча иштер уланууда.

Премьер-министрдин тапшырмасынын негизинде “Семетей” госпиталындагы даярдыктар боюнча өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров көзөмөл жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө “Семетей” госпиталында лабораториялык, реанимациялык бөлүмдү кабыл алуу боюнча даярдык көрүү жумуштары аткарылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий