• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирустун кесепетинен өпкөсү сезгенген бейтаптардын санынын көбөйүшү кырдаалды мурдагыдан дагы курчутту - Боронов

Коом 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Республикада эпидемиологиялык кырдаал өтө оор болуп турат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

Анын айтымында, акыркы күндөрү өлкө боюнча күнүгө 300дөн ашык адам коронавирус инфекциясын жугузууда. “Айрым учурда COVID-19га чалдыккандардын саны 500гө чейин жетүүдө. Коронавирус инфекциясынын кесепетинен өпкөсү сезгенген бейтаптардын санынын көбөйүшү кырдаалды мурдагыдан дагы курчутту”, - дейт ал.

Анын белгилегендей, мунун баары коронавирус инфекциясынын жана өпкөнүн сезгенишинен улам жарандардын күнүгө каза болушуна алып келди.

“Пандемияны эске алуу менен, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык абалдын начарлашынан улам ата мекендик саламаттык сактоо системасына болуп көрбөгөндөй күч келгенин моюнга алышыбыз керек. Кырдаал өтө оор жана татаал, ал үчүн биздин жоопкерчилигибиз бар. Учурда жарандарыбыз ооруканалардан медициналык жардам алууда кыйынчылыктарга туш келүүдө. Ооруканалардагы кезек күтүү жана бейтаптар үчүн даярдалган орундардын тез толушу - бул бүгүнкү күндүн чындыгы”, - деди Боронов.

Премьер-министр кошумчалагандай, күн сайын элди дарылоо үчүн жаңы орундуктар түзүлүп, күндүзгү стационарлар ачылууда.

Пикир

Оставить комментарий