• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирустун жаңы катталган учурларынын көбү жакын байланышта болгондордун арасынан чыгууда – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Коронавирустун жаңы катталган учурларынын көбү жакын байланышта болгондордун арасынан чыгууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы жуктуруп алган учурлар жакын байланышта болгондордун арасынан тастыкталууда. “Ошондой эле байланышта болгон медицина кызматкерлеринен, жалпы эле эле байланышта болгондордун арасынан катталып жатат”, - деп кошумчалады министрдин орун басары.

Ал баса белгилегендей, вирустун жуга турган потенциалы абдан бийиктиги тастыкталууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус жуктурган 48 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 554га жетет. Алардын ичинен 133 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий