• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирустун жаңы түрүнө COVID-2019 деген расмий аталыш берилди

Дүйнө 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. 2019-жылдын аягында Кытайда чыккан коронавирустун жаңы түрүнө COVID-2019 деген расмий аталыш берилди. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус билдиргенин РИА Новости агенттиги жазат.

"Биз коронавирустун жаңы түрүн COVID-2019 деп атап койдук. Талапка ылайык, ал ат географиялык аталыш, жаныбар, адамдарга байланышы жок жана айтылышы жеңил болуп, оору менен байланышкан болушу керек эле", - деген ал.

COVID — CO коронавирусту, VI вирусту туюндурса, D ооруну билдирет.

Пикир

Оставить комментарий