• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирустун жайылышын алдын алуу иштерине 56,2 млн доллар тартылууда

COVID - 19 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Коронавирустун жайылышын алдын алуу иштерине 56,2 млн доллар тартылууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары Абдылда тегин Суеркул билдирди.

Ал белгилегендей, эл аралык донорлордон үч багыт боюнча каражат тартылып келүүдө: бюджетти колдоо үчүн, коронавирустун жайылышын алдын алуу иштерине жана экономиканы колдоо.

"Коронавирустун жайылышын алдын алуу багыты боюнча 56,2 млн доллар тартылууда. Алардын ичинен 20,6 млн доллар грант, 35,6 млн доллар насыя болуп эсептелет. Бүгүнкү күнү Дүйнөлүк банктын эки долбоору иштеп жатат: 9 млн долларлык Чукул жардам долбоору. Алардын ичинен 6,2 млн долларга контракт түзүлдү. Экинчи долбоордун суммасы 12,15 млн долларды түзөт. Ал долбоор 4-майдан тарта ишке арышыла баштады. Бүгүнкү күнү тендердик иштер жүрүп жатат", - деди ал.

Анын айтымында дагы эки долбоор парламентте ратификациядан өткөн.

"Ал Азия өнүктүрүү банкынын 20 млн долларга эсептелген долбоору: 50%ы грант, 50%ы насыя болуп саналат. Экинчиси Ислам өнүктүрүү банкынын 15 млн долларлык долбоору. Жакында аларга кол коюлат деп күтүп жатабыз. Аны менен удаа тендердик иштер жана сатып алуулар жүрүп жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий