• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча штабдын кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.20. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында 15-февралга карата өлкөдө коронавирус чыккан учур катталбаганы айтылды. Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү тармактык багыттарда комплекстүү чараларды жүзөгө ашыруу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Белгилей кетсек, учурда Кыргыз Республикасынын чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, профилактикалык чаралар көрүлгөн.

Жыйында айтылгандай, эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогору дем алуу жолдорунун үлгүлөрү лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Текшерүү учурунда бардыгы анализдердин жыйынтыгы чыкканча байкоо салуучу убактылуу жайларга жайгаштырылып жатат. Бул иштер КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нускамасына ылайык даярдалган иш-аракеттердин алгоритми боюнча жүргүзүлүүдө. Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын аймагындагы жарандарына алардын укугун коргоо жана саламаттыгына кам көрүү максатында тиешелүү маалыматтык-түшүндүрүү, кеңеш берүү иштерин улантууда.

Жыйындын соңунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий