• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам штаб эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб кыргызстандыктарды эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырат. Бул тууралуу Өкмөттө өткөн Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

27-февралга карата өлкөдө коронавирустун чыккан учуру катталган жок. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Мамлекеттик органдар туруктуу негизде дүйнөдөгү кырдаалга көзөмөл салып, мониторинг жүргүзүп, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен байланышта болууда.

Жыйында кезектеги ирет белгилегендей, 2020-жылдын январынын аягынан тартып эпидемиологиялык абал жакшы эмес өлкөлөрдөн келген бардык адамдар милдеттүү түрдө текшерүүдөн, обсервация зонасында карантинден өтүшүп, тыкыр текшерүүдөн кийин гана өлкөнүн аймагына киргизилет.

Бүгүнкү күндө Япония, Түштүк Корея, Иран, Кытай Эл Республикасынан, Италиядан (тизме дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен толукталып турат) келгендердин баары милдеттүү карантинден өтүшөт.

Штабдын мүчөлөрү жарандарды социалдык тармактарда тараган божомолдорго эмес, расмий билдирүүлөргө ишенүүгө чакырат.

Мындан тышкары штабдын мүчөлөрү жарандарга эл көп жыйналган жерлерге барбоо, көп адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрүүнү чектөө, өздүк гигиена эрежелерин кынтыксыз сактоо, балдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чараларын сунушташты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча, тармактык мамлекеттик түзүмдөргө бир катар тапшырмалар берилди. Алсак, баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында, Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине дары-дармек каражаттарына жана медициналык буюмдардын, ошондой эле негизги азык-түлүк продукцияларынын бааларына мониторинг жүргүзүү иштерин улантуу тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлигине вирустун алдын алуу боюнча коронавирус жана өздүк гигиена тууралуу билим берүү жайларында окуп жаткандардын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий