• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирустун жайылышынын кесепеттерине каршы күрөшүү үчүн эл аралык уюмдар жана донорлор менен сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат

Өкмөт 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Коронавирустун жайылышынын кесепеттерине каршы күрөшүү үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөр активдүү жүрүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эксперттердин деңгээлинде жардамды тартуунун техникалык маселелери боюнча туруктуу негизде кеңешип турат. COVID-19га каршы күрөшүү үчүн кошумча ресурстарды тартууга өзгөчө көңүл буруу менен, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков эл аралык финансы институттарынын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды жана телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бир катар эл аралык уюмдар жана донорлор саламаттык сактоо тармагына, чакан жана орто бизнести колдоого, азык-түлүк коопсуздугун, ошондой эле макроэкономикалык кырдаалдын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча жардам берүүгө даярдыгын билдиришти. Учурда бюджетти колдоо үчүн болжол менен 121 миллион АКШ доллары келип түштү.

Ошентип Эл аралык валюта фондунун аткаруу кеңеши 120,9 млн. АКШ долларын берүүнү жактырды, бул Кыргыз Республикасынын квотасынын 50%ын түзөт. Муну менен катар бюджеттин түшпөй калган бөлүгүн жабуунун зарылдыгын эске алуу менен Эл аралык валюта фонду республикага кошумча жардам катары 120,9 млн көлөмүндөгү АКШ долларын берүүгө ниеттенүүдө. Ошентип жалпысынан Эл аралык Валюта Фондунун жардамынын көлөмү болжол менен 241,8 миллион АКШ долларын түзөт.

Азия өнүктүрүү банкы COVID-19 пандемиясына банктын жооп кайтаруусунун жаңы терезесинин алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты бюджетти колдоо үчүн берүүгө даярдап жатат. Буга кошумча Азия өнүктүрүү банкы 2020-жылы Кыргыз Республикасын колдоо үчүн иш-аракеттер саясатынын же башка насыялоонун негизинде максаттуу насыялоо аркылуу кошумча каржылоо жөнүндө маселени карайт. Муну менен катар Азия өнүктүрүү банкы ден соолук үчүн пандемия кесепеттерин жеңилдетүү боюнча өлкөнүн дараметин жакшыртуу үчүн жардам көрсөтүү максатында өзгөчө долбоордук жардам түрүндө 20 млн АКШ долларын мобилизациялайт.

Дүйнөлүк банктан 12,15 миллон АКШ долларын алуу жөнүндө келишимге кол коюлган жана аны ратификациялоо тууралуу тиешелүү мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынды. Мындан тышкары COVID-19 пандемиясына байланыштуу «Кыргызстанда табигый кырсыктарга туруштук берүүнү жакшыртуу» долбоорунан дары-дармектерди жана жабдууларды тез арада сатып алууга 9 миллион доллар бөлүнүүдө. Натыйжада Дүйнөлүк банк ушул күнгө карата 21 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жардам көрсөтүп жатат.

Талкуу процессинде Европа биримдигинен жардам катары бөлүнө турган 30 млн АКШ долларынын суммасы Европа биримдигинин жетекчилигинин чечимине ылайык өзгөрүшү мүмкүн.

Ислам өнүктүрүү банкынан Кыргыз Республикасында учурда жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлордон үнөмдөлгөн 15 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттар кайра бөлүштүрүлүп, COVID-19 каршы күрөшүүгө багытталат.

Мындан тышкары Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан Кыргыз Республикасына COVID-19 менен күрөшүү үчүн 3 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант берүү маселеси каралууда. Учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги бул каражаттарды пайдаланууну аныктоо боюнча кеңешмелерди өткөрүүдө.

Экономикалык колдоо багыты боюнча, анын ичинде чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө KfW Германия өнүктүрүү банкы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн өлкөгө 30 млн АКШ долларын кайра багыттоого макул болду. Ушундай эле сумма 30 млн АКШ долларын Европа инвестициялык банкы коммерциялык банктар менен кызматташуу аркылуу бөлүүгө ниеттенүүдө.

Башка финансылык өнөктөштөр аркылуу дагы финансылык жана гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө. Бөлүнгөн каражаттар жана жардам, аларды бөлүштүрүү тууралуу толук маалымат тиркелген таблицаларда келтирилген. Алар мезгил-мезгили менен жаңыланып турат.

Учурда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин бир кыйла түшүүсү болжонууда. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн 30 млрд сомго кыскаруусу болжолдонуп жатат, тагыраагы, болжол менен 400 млн АКШ доллары. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан артыкчылыктуу эмес мамлекеттик сатып алуулар токтотулду. Ошол эле учурда бюджеттин корголгон беренелери боюнча төлөмдөр милдеттүү түрдө жүргүзүлүүдө.

Гуманитардык жардам

Бюджет аркылуу донордук каражат

Пикир

Оставить комментарий