• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Коррупция фактысы боюнча маалымат бергендер кайтарылган сумманын 10%ын алышат

Коом 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. КР Финансы министрлигинде мыйзам долбоору иштелип чыкты, анын алкагында коррупция фактысы боюнча маалымат берген жаран материалдык сыйлыкка ээ болушат. Бул тууралуу Коррупцияга каршы кеңештин биринчи жыйынында КР финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору укук коргоо жана көзөмөл органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда иштелип чыкты.

«Ошентип, мыйзам долбоорунун алкагында коррупциялык фактылар тууралуу билдирген/эскерткен жарандар тиешелүү токтом күчүнө киргенден кийин мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруунун суммасынын 10% өлчөмүндө бир жолку сыйлык алышат. Белгилей кетсек, муну менен катар сыйлыктын суммасы 1 млн сомдон ашпайт”, - деди ал.

Ошондой эле министр эгер жарандын маалыматы боюнча бир катар коррупциялык фактылар ачыктала турган болсо, мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруунун суммасынан бир жолку төлөп берүү жүргүзүлөрүн, төлөмдүн суммасы 1 миллион сомдон ашпай турганын кошумчалады.

Такталгандай, мыйзам долбоорунун алкагында Финансы министрлиги тарабынан материалдык сыйакыларды төлөө укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен өзүнчө түзүлгөн комиссиянын чечими/сунуштамасы менен накталай эмес түрдө ишке ашырылаары белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий