• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коррупция фактысы боюнча мурдагы премьер-министр Сатыбалдиев кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Коррупция фактысы боюнча мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-июнда "Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу" коррупция фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды.

Учурда Жантөрө Сатыбалдиев КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын Тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий