• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке дагы 15 млн. сом которулду

Экономика 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 15 млн. 235 миң 371 сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясы тарабынан экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке бардыгы болуп 262 млн. 992 миң 232 сом которулган.

Пикир

Оставить комментарий