• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Финансы полициясы коррупция менен күрөш эсебине 250 млн. сомдон ашуун каражат которду

Коом 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшү боюнча мамлекеттик кызматы коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке дагы 6 миллион сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Бардыгы болуп финансы полициясы бирдиктүү эсепке 254 млн. 287 миң 545 сом которгон.

«Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтом Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган процедураларды эске алуу менен кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий