• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчалардын эсебинен мектептерди курууну каржылоо башталды

Президент 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. 2019-жылы Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектептин имараттарына кошумча корпустарды куруу үчүн 799,3 млн сом бөлүндү. Финансылык каражаттар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бир нече мектептерге барган жана алардын абалы менен таанышып, коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке келип түшкөн каражаттарды Бишкек жана Ош шаарларында жаңы мектептерди курууга же орто мектептердин имараттарына кошумча корпустарды курууга багытталарын убада кылган.

2019-жылдын июлунан тартып, республикалык бюджеттен каржылануучу мектептерди курууну Бирдиктүү депозиттик эсептен каржылоо ачылган. Биринчи траншы 15 млн сомду түзөт.

2019-жылга каржылануучу билим берүү мекемелеринин тизмеси бекитилген жана республикалык бюджеттен каржылануучу «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржылоонун көлөмү көбөйтүлгөн.

Финансы министрлиги каржыны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинен келип түшкөн өтүнмө боюнча берет. Каражаттар ведомстволор аралык комиссиянын анализинин жыйынтыгы боюнча аныкталган мектептердин кошумча корпустарын курууга багытталат.

Каражаттар ведомстволор аралык комиссиянын анализинин жыйынтыгы боюнча аныкталган мектептердин кошумча корпустарын курууга багытталат.

Бишкек шаарында: № 12-мектеп-гимназия, № 69-комплекс-гимназия, № 54-орто мектеп, № 18-орто мектеп, № 59-орто мектеп, № 72-мектеп-гимназия, № 16-орто мектеп.

Чүй облусунда: Новопавловка орто мектеби, Ат-Башы орто мектеби, Орок орто мектеби, Новопавловкадагы Ч.Айтматов атындагы мектеп, Төмөнкү-Ала-Арча мектеби, Кашка-Суу айылындагы Т. Актанов атындагы мектеп, Новопокровка айылындагы № 2 Баранов атындагы мектеп.

Ош шаарында: № 7 Нариман мектеп-гимназиясы.

Келечекте каражаттар орто окуу жайлары жетишпеген республиканын бардык аймактарына багытталат.

Эске салсак, Президент коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө Буйрукка 2018-жылдын 16-майында кол койгон, ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Пикир

Оставить комментарий